Жайыл райондук милициясынын башчысынын орун басарынын автоунаасын өрттөп кетишти

  • 3 года мурун

Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кайрат Иманалиевдин унаасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-январга караган түнү көп кабаттуу үйдүн жанында «Honda Accord» үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп жатканы белгилүү болгон. Өрт чыккан жерге Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери барган. Алдын-ала байкоо жүргүзүүдө бензин жана солярканын жыты сезилген.

Аталган иш боюнча тийиштүү соттук-техникалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты