Кытайга алча экспорттолот

Кытайга алча экспорттолот

Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы КР Башкы консулдугунун көмөгү менен  Кыргызстанда 25-27-апрелде Кытайдын “Ван Лун” компаниясынын директору Ван Фамин баштаган делегациясы алча сатып алуу маселесин сүйлөштү.  

Кытайлык компания өкүлдөрү Кыргызстандын алча өстүрүүчүлөрү менен сүйлөшүп, жеринде макулдашууларды жүргүзүп жатышат.

Буга чейин алар КР Айыл чарба министринин орун басары Э. Чодуев, Өсүмдүктөр карантини Департаментинин башчысы А. Исаев менен жолугушуп,  Кыргызстандан жыл сайын сатып алынуучу алчанын көлөмү, сорту тууралуу маселени талкуулашкан.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты