5 жашар секелек кызды зордуктаган кишиге өкүм чыкты

  • 1 месяц мурун

Кара-Суу райондук соту 5 жашар кызды зордуктоого айыпталып жаткан кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги Ош облустук сотуна шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 31 жаштагы соттолуучу турак үйгө мыйзамсыз кирүү, баланы уурдоо жана өтө ырайымсыздык менен жасалган сексуалдык зомбулук боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын негизинде айыпталуучу Э. уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн өмүр бою эркинен ажыратылганы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты