5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда жергиликтүү курултай өтөт

  • 2 года мурун

2022-жылдын 5-ноябрында өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 9-сентябрда Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Уюштуруу комитетинин отурумунда курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларынын планы, делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалар бекитилди.

Маалым болгондой, биринчи Элдик курултайды өткөрүү эки этапта ишке ашырылат. Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен Элдик курултайдын өтүшү камсыздалат. Жергиликтүү курултайларга делегат шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.

Делегаттарды аймактардын этностук өзгөчүлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо менен шайлоо тууралуу сунуштар айтылды.

Президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, биринчи Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтмөкчү. 

Социалдык тармактарда президенттин бул демилгесин колдогондор менен катар аталган жарлык Баш мыйзамга каршы келерин айтып, нааразычылыгын билдиргендер дагы болууда. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты