“Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча жоопко тартылсын” деди Алмамбет Шыкмаматов

 “Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча жоопко тартылсын” деди Алмамбет Шыкмаматов

Бүгүн «Ата Мекен» парламенттик фракциясы күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда коррупцияга каршы маселелерди талкуулады. Фракция жыйынында лидер Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди «Белизгейт» окуясы  боюнча кылмыш жоопкерчилигине  тартылсын деп Башкы прокуратурага, УКМК Коорупция каршы кызматына кайрылды. 

“Парламентте Абдил Сегизбаев «Белизден үч документ келди, оппозициялык партиянын үч өкүлүн «Мегакомдо» 23 миллион доллардан үлүшү бар деп күнөөлөп, парламент, президент,  коомдук канал КТРКны тартып, чоң саясий авантюрага барышкан. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинде («Документ жасоо, жасалма документти колдонуу») жазылгандай кылмыш жасаган. Тактап айтканда, Абдил Сегизбаев аларды колдонду. Ушул жердеги видео версия, стеннограмма да бар. Анда бизге оперативдүү ийгилик менен бул документтерди алып келдик деп жарыялап, оперативдүү документтер тууралуу мыйзамды бузган. Экинчиси, жасалма документти пайдаланган. Үчүнчүсү, 304-берене, өз бийлигинен кыянат пайдаланган. Башкы прокурор экөө сүйлөшүп алып, үч жарандын укугун бузуп, мыйзамсыз кылмыш жазага тартуу максатын көздөгөн. Биз Лондондон адвокат жалдап, алар бир жуманын ичинде Белизде эч кандай трасттык документ жоктугун, мунун баары калптыгын аныктады” деди Жогорку Кеңеш депутаты Алмамбет Шыкмаматов фракция жыйынында.

2016-жылы чыккан «Белизгейт» деген аталышка айланган жаңжалда ал кездеги УКМК төрагасы А.  Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты —Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, ал Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А. Сегизбаев 7-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өзүнүн арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты