Түштүк Корея жана Түндүк Корея лидерлеринин тарыхый жолугушуусу

Түштүк Корея жана Түндүк Корея лидерлеринин тарыхый жолугушуусу

Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхандмунджон кыштагында бүгүн, 27-апрелде, жолугушту. Бул тууралуу Yonhap агенттиги маалымат жарыялады.

Аталган агенттиктин маалыматында эки Корея лидерлери кол алышып учурашып, куттуктоо сөз сүйлөштү. Андан кийин Ким Чен Ын чек ара тилкеснен өттү. Бул 1953-жылдан берки Корея Элдик Демократиялык мамлекетинин жетекчисинин Түштүк Кореянын жерине биринчи бут койгон тарыхый күнү эле!

Ким Чен Ын өз кезегинде Мун Чже Инди да ушундай кадамга барып, Корея Элдик Демократиялык мамлекетинин чек арасына өтүшүн суранды. Эки өлкө лидерлеринин жүздөрүн жылмаюу аралап, кол кармашып, Түндүк Корея өлкөсүнүн жерине кадам ташташты.

Эки лидер кайра демилитаризация аймагына келип, “Тынчтык үйүнө” сүйлөшүүгө киришти.
Бүгүн Мун Чже Ин менен Ким Чен Ын биргелешкен келишимге кол коюп, жарашуу дарагын отургузушат.
Формалдуу алганда бул эки өлкө согуш абалында турат, анткени алар 1953-жылдан бери тынчтык келишимин түзүшө элек.
2006-жылдан баштап Түндүк Корея ядролук куралды 6 ирет сыноодон өткөрүп, ондогон баллистика ракеталарын учурду. Пхеньянга карата Европа Бирлиги, БУУ жана АКШ санкциялары коюлган.
2018-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын демилгеси менен Түштүк Корея менен бир нече тынчтык сүйлөшүүлөрү жүргүзүлгөн. Түндүк Корея лидери АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууга макулдашкан. Анын урматына ядролук жана ракета сыноолррун токтотуу талап кылынган.
Балким ал жолугушуу май айынын аягында же июнь айынын башында болмокчу. Ал жолугушуу АКШда эмес, башка өлкөлөрдүн биринде өтмөкчү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты