Кыргызстанда КМШ Темир жол боюнча жыйыны өтөт

Кыргызстанда КМШ Темир жол боюнча жыйыны өтөт
Ушул жылдын май айында Кыргызстанда Шериктештикке ккатышуучу мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин кезектеги отуруму болот. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбнк Калиловду 26-апрелде кабыл алганда сөз болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын транзиттик дараметин жогорулатуу жана жол-транспорт түйүнүн өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн жол-транспорттук комплексинин азыркы абалы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар туурасында маалымат берди.
Мамлекет башчы аймактардын инфраструктурасын, мамлекет ичиндеги жүк жана жүргүнчүлөрдүн агымынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында өлкөнүн жол катнашын, анын ичинде Кыргызстандагы темир жол байланыштарын өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.
2018-жылдын май айында Бишкек шаарында өтө турган Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин кезектеги отурумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу сөз болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты