Өгөй кызын зордуктаган киши  20 жылга эркинен ажырады

Өгөй кызын зордуктаган киши  20 жылга эркинен ажырады

Өгөй кызын зордуктагандыгы үчүн эркинен ажыратылган кишинин ишин кайра карап,  Ош облустук сотунун коллегиясы анын жазасын күчөтүп,  20 жылга эркинен ажыратты.  

15 жашар өгөй кызын беш жыл бою зордуктап жүргөн кишинин ишин Ош облустук сотунун коллегиясы кайра карап, аны жазалоону күчөтүп, 20 жылга кескенин облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн райондук соту ушул жылдын 28-февралында каралган кылмыш ишин далилдеди.  Секелек өгөй кызын зордуктап жүргөн кишини 15 жылга эркинен ажыраткан. Жактоочунун жазаны күчөтүү боюнча аппеляциялык арызынан кийин, ал иш кайра каралып, жазасына дагы беш жыл кошулуп, 20 жылга кесилди.

Ал эми секелек кыз 16 жашында өгөй атасынан боюнда болуп, жакында көз жарганы маалымдалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты