Айгүл Текебаева: “Мен жолдошумдун сырын жакшы билем, ал принцибинен эч качан тайбайт”

Айгүл Текебаева: “Мен жолдошумдун сырын жакшы билем, ал принцибинен эч качан тайбайт”Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынганына эки айдын жүзү болду. Учурда анын абалы кандай, кантип убакыт өткөрүп жаткандыгын билүү үчүн жубайы Айгүл Текебаевага кайрылдык.

— Айгүл айым, Өмүрбек Чиркешович камалгандан бери канча жолу жолуга алдыңыз?
—Өмүрбекти жалган жалаа менен камакка алышканына эки айдын жүзү болду. Бул аралыкта мен ага үч жолу жолуктум. Биринчи жолкусунда мен аны бизден сарсанаа болбосун деп сооротоюн дегем. Тескерисинче, “менде баары жакшы болот, мага кабатыр болбо”,- деп ал мени сооротуп кирди. Аны жок жерден күнөөлөп, камап жатышса дагы, ал ар дайымкыдай күчтүүлүгүнөн, курчтугунан, токтоолугунан жазбаптыр. Ар жолку жолукканда мен ошол нерсени байкадым. Мунун сыры деле жок. Ал өзүнүн ак экендигине ишенет.
Мен ага жолукканда мени алаксытуу амалын таап, тамашалоодон да кыйгап өтпөдү. Сылык-сыпаа тамашасы менен мени узатты. Ал абдан жароокер, мээримдүү. Ар дайым бардыгы үчүн тынчсызданып, кабатыр болуп турат. “Бийлик тарабынан кимдерге кысым болуп жатат” деп катардагы партиялаштарынан өйдө, укук коргоочу, журналисттерге чейин сурайт.
Өмүрбек менен дагы жолугушуу үчүн арыз жазгам. Учурда жообун күтүп жатам. Буйруса, апрелдин соңуна чейин уруксат берип, жолуктурушса керек деген үмүтүм бар.

— Азыркы учурда ким тамак-аш киргизип жатат?Айгүл Текебаева: “Мен жолдошумдун сырын жакшы билем, ал принцибинен эч качан тайбайт”
—Өмүрбек ден соолугуна байланыштуу диеталык азыктарды жеши керек. Андыктан, жумасына эки жолу УКМК кызматкерлери аркылуу тамак-аш, дары-дармек киргизип жатам.

—Коомдогу маалыматтар менен таанышып жатыптырбы, кандай жол менен?
— Анын жактоочулары күн сайын ага жолугуп жатышат. Жаңылыктардан алар аркылуу кабардар болуп жатат. Анын бөлмөсүндө сыналгы да, үналгы да жок.

—Өмүрбек Чиркешович Австрияга барганга чейин ооруканада жаткандыгы белгилүү. Азыр ден соолугу кантип жатыптыр?
—Ооба, ал Венага кеткенге чейин 10 күнчө ооруканада жатты. Жүрөгү ооруп, дарыланды. Азыр, Кудайга шүгүр, ден соолугу туруктуу. Дарыгер жазып берген дары-дармектерди ичип жатат. Баары жакшы болот деп ишенем. Учурда Өмүрбектин саламаттыгы боюнча бардык жоопкерчилик УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мойнунда.

—Маалымат жыйындарынын биринде «Мени камаганга даярданып жатышат, мен дагы чачымды кыска алдырып, ыңгайлуу кийимдерди кийип даярданып жүрөм” деп тамаша салып айтты эле…
Айгүл Текебаева: “Мен жолдошумдун сырын жакшы билем, ал принцибинен эч качан тайбайт”—Ооба, андай айтканы бар. Бирок аны көпчүлүк тамаша катары кабыл алышкан. Өмүрбектин жана  үй-бүлөбүздүн ар бир кадамын аңдып башташкан. Кайда барабыз, эмне кылабыз, кимдер менен жолугуп, кимдер менен сүйлөшөбүз, баары бийликтин көзөмөлүндө болду. Күн сайын ошол көрүнүш күчөгөндөн күчөп жатты. Акыркы күндөрү болсо мунун баары көз көрүнөө ачык боло баштады. Үйүбүздүн жанында керээли-кечке машиналар күзөттө турушуп, Өмүрбектин артынан такай аңдып калышты. Мунун баары эмнеге керек, түшүнбөйм. Эгерде аны коркутуу аракети болсо, анда алар терең жаңылышат. Мен жолдошумдун сырын жакшы билем. Аны эч нерсе сындыра албайт, эч ким коркута албайт. Ал эч качан өзүнүн коопсуздугун ойлоп, коңулга кире качкан жан эмес. Мекенинин кызыкчылыгы үчүн карманган позициясынан, принцибинен тайбайт, бийлик менен ымала түзүп, адилетсиздиктерге көз жумуп жүрө бербейт. Ал тургай, абакта жатып да президенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөттө өтүшү керектигин, антпесе, Кыргызстандын келечеги дагы коркунучка кептелээринен, анын айынан өлкөдө туруксуздук орун алышы ыктымалдыгынан кам санап жатат. Ал өзүнүн демилгеси менен шайлоо күнүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн датасын жылдыруу зарыл дегени үчүн аны тезирээк соттоп жиберүүгө да даяр экенин түшүнөт. Ошого карабай, ал Кыргызстандын келечеги үчүн бул кадамга баруудан артка кайткан жок.

—Айтылуу саясатчынын жубайы болуу кандай? Жолдошуңуздун башына түшкөн кыйынчылыктарда кандай кеңештериңизди айтасыз?
—Бул кыйын, ошол эле мезгилде сыймыктуу. Өмүрбектин башынан далай окуялар өткөн кыраакы саясатчы. Ал саясатка келген абалкы убактан бери эле ар кандай сыноолорго дуушар болуп келе жатат. Мен жолдошумдун башына түшкөн кыйын мезгилдерде анын жанында экенимди, акырына чейин аны менен болоорумду айтам.

—Адам башына түшкөн сыноолор дос-душманды ажыратып билүүгө мүмкүндүк берет. Сизде да ошондой болдубу?
—Биз бул өмүрдө досту көп арттырдык. Жакын достор, тарапташтар, миңдеген карапайым калк азыр Өмүрбекти, бизди колдоп-коштоп, кубаттап турушат. Текебаевдин боштондукка чыгаруусун талап кылып митингге чыккандар эле эмес, телефондон, көчөдөн өздөрүнүн Өмүрбекке болгон ишенимдерин айтып жатышат. Эл анын күнөөсүз экенине ишенгени, аны колдошкону, эл үчүн, мамлекет үчүн кылган жакшылыктарын унутушпаганы, билишкени баарынан бийик нерсе экен. Мен алардын баарына ыраазымын, таазим этем.

Маектешкен Динар Турдугулова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты