Болот Сүйүмбаев менен Исабек Султаналиев кызматынан алынды

Болот Сүйүмбаев менен Исабек Султаналиев кызматынан алындыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотту. Ошондой эле Сүйүмбаевдин орун басары Исабек Султаналиевди да кызматынан алды.
Эскерте кетсек, Сүйүмбаевди Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздук коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынан бошоткондон кийин андагы премьер Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына дайындаган. 10 күндөн кийин аны жаңы премьер-министр М. Абылгазиев кызматынан бошотту.
Премьер Абылгазиев ошондой эле Сүйүмбаевдин орун басары, Исабек Султаналиевди да кызматтан бошотту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты