Өмүрбек Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду

Өмүрбек Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлдуӨмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.
“ Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду” деди ал.
Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видеокөзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин эле алып салынган. Өмүрбек Текебаев отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон.
Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видеокөзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты