Баарыбызга Жеңиш бир!

Баарыбызга Жеңиш бир!Кыргызстанга Жеңиш күнүнө карата “Баарыбызга—Жеңиш бир!” медиа экспедициясы келгенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Алар эзелки “Победа” (ГАЗ М-20) машинасы менен келишти.
“Баарыбызга Жеңиш бир!” акциясынын максаты—Улуу Ата Мекенди согушта СССР элдеринин фашисттерге каршы күрөштөгү салымын даңазалоо. Быйылкы жылы бул иш-чара Россиянын Урал федералдык округу, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан аймагы аркылуу өтөт.
Бул иш-чарага Бишкектен автосүйүүчүлөрү да кошулду. 26-апрелде акциянын катышуучулары Бишкектеги Жеңиш аянтына гүл коюшат. Андан ары Жеңиш күнүнө карата даярдыктар өрүш алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты