«Мен Конституция боюнча жашайм!» акциясы өттү

«Мен Конституция боюнча жашайм!» акциясы өттүЫсык-Көл облусунда өткөн иш-чара Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына карата уюштурулган. Ал жарандардын Конституция жана башка мыйзамдар боюнча билимин жогорулатууга багытталган.

Иш-чара негизги мыйзам боюнча жарандардын билимин жогорулатуу максатын көздөйт. Акция Караколдогу К. Тыныстанов атындагы университет, №14 кесиптик лицей студенттерине, Балыкчыдагы Ч. Айтматов атындагы, Жети-Өгүздөгү Светлая-Поляна айылындагы Алыбаков атындагы жана Бөкөнбаев айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына тааныштыруу лекциясын өткөрүү менен башталды.
Студенттер жана окуучулар Конституцияны кабыл алуу тарыхы жөнүндө маалымат алышып, негизги мыйзам биздин мамлекеттин ар бир жараны үчүн маанилүү экендигин, жарандардын негизги укуктары жана милдеттери, кепилдиктер бекитилгендиги тууралуу беренелерди талкуулашты.
Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери «Мен Конституция боюнча жашайм!» акция алкагында Ак-Суу райондук акимчилигинин кызматкерлери, айыл кеӊеш төрагалары, айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда семинар өткөрүштү.
Жарандардын укуктары жана эркиндиктери, сот жана мыйзам алдында теӊдиги жана ошондой эле демократиялык жана укуктук мамлекетти куруу жөнүндө беренелер талкууланды.
Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты