ӨКМ: Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө катуу шамал болот

ӨКМ: Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө катуу шамал болотБүгүн, 26-апрелде туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан –чачын күтүлүп, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында секунасына 15-22 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-апрелде күндүз жаан-чачын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-22 метрге жетиши күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматы кабарлайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты