Болот Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес, бирок окууну Атамбаев бийликке келгенден кийин бүткөн

Болот Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес, бирок окууну Атамбаев бийликке келгенден кийин бүткөнБолот Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес. Бул тууралуу Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев билдирди. Анын айтымында Болот Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы эле тапшырган. Ар кандай себептер менен эки жолу окуудан чыгарылган, бирок окуусун эки сыйра калыбына келтирип, натыйжада 2012-жылы «дене тарбия мугалими» деген адистиктеги дипломго ээ болгон. Ректордун айтымында, президенттик аппараттан, министрликтен 5-6-курсту бириктирип экстрендик ыкма менен бүтүрүү суранычы келтирилген каттар түшүп, Сүйүмбаев эки курсту бир жылда окуган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты