“Чыңгыз Айтматов—дипломат” көргөзмөсү

“Чыңгыз Айтматов—дипломат” көргөзмөсү23-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитетинин жыйынына келгендер “Чыңгыз Айтматов—дипломат” аттуу сүрөт көргөзмөсү менен таанышты.
“Чыңгыз Айтматов—дипломат” аттуу көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун СССРдин дипмиссиясынын жетекчиси болуп тургандагы, Россиянын Люксембургдагы элчиси жылдары, андан кийин Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинде иштеген жылдары чагылдырылган. Айтматовдун өз колу менен жазган автобиографиясы, өздүк иши, дипломаттар, дүйнөлүк белгилүү ишмерлер жана кесиптештер арасында түшкөн сейрек сүрөттөрү коюлган. Ал эми Чыңгыз Айтматов уюштурган “Ысык-Көл” форумунда дүйнөнүн интеллектуалдарынын башын бириктирген жолугушуусунан тартылган сүрөттөр бар.
Беларустун китепканасынын жардамы менен уюштурулган китептер да өзүнчө коюлган.
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев көргөзмөгө келгендерге жана уюштурууга көмөк көрсөткөндөргө ыраазылык билдирди.
Бул көргөзмө 6-апрелде ачылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты