Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз!

Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз!Жарандык активисттер Кыргызстандын бийлигине жол кырсыгынын арбын болуп жатканын белгилеп, коопсуздугун сактоо боюнча кайрылуу жасап, онлайн-петиция уюштурушту. Петиция авторлорунун арасында Мирсулжан Намазалы, Азис Абакиров, Бакай Жунушов, Назира Бейшеналиева ж.б.  бар.
“ПолитКлиника” гезитине Мирсулжан Намазалы билдиргендей, кечээ жакында эле эки окуучуну машине коюп кеткени чыдамды кетиргенин  белгиледи.
“Бишкекте дагы эки окуучуну машине коюп кетти.  Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, кийин келген. Көп өтпөй жол кырсыгына шектүү мындан эки жыл мурда да бир адамды коюп кетип, анын өлүмүнүн себепчиси болгону аныкталды. Өткөн жылы эле жол кырсыктары 128 (!) баланын өмүрүн алып кеткен. Ал эми соңку он жыл ичинде миңден ашуун бала өмүрү менен кош айтышкан. Балдар жабыркаган жол кырсыктарынын саны бир жылда 10 пайызга өскөн. Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдо жан берүүдө. Адамдарды согуш маалындагыдай жоготуп жатабыз, ал эми бийлик чара көргөн жери жок”.Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз!
Петицияда мына ушундай деп жазылган. “2016-жылдын 1-августунда президент Алмазбек Атамбаев “Коопсуз шаар” маселеси ИИМден да жогорку деңгээлде чечилишин жеке көзөмөлүнө аларын билдирген. Андан бери 8 ай өттү” деп айтылат петицияда.

Коюлган талаптар: Бийликтен төмөнкүдөй иштер аткарылышын талап кылабыз:

1. “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилсин, аны менен катар Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдө жол кыймылынын эрежелерин тартып алган камералар иштесин:
Баарыбыз билгендей, бул иштер бюджеттен акчаны талап кылбайт. Анткени жергиликтүү да, чет өлкөлүк да компаниялар бул ишти колго алуу ниетин билдиришкен. Алардын айрымдары 50 млн. еврого чейин инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар болгонун ырасташууда. Бирок буга саясий эрк керек.

2. Коомго кызмат кылган патрулдук полиция ишке кирсин:
Ар бир жолу аталышын өзгөртүп келесиңер – МАИ, ЖККББ – ПМББ. Бирок маңызы өзгөрбөй жатат. Паракорчулук кала берүүдө. Ар бир жаңы ички иштер министри кыска мөөнөт аралыгында укмуштуудай реформаларды жасай алган Эстония, Грузия жана башка өлкөлөрдө болуп келген. Алар баарын билишет, бирок эч кимиси реформа жасоого билек түрө кирише албады.

3. Айдоочулук күбөлүктү берүүдө ачык-айкындуулук камсыздалсын:
Биз баарыбыз билгендей, көпчүлүк айдоочулар күбөлүктү сатып алышат. Жаңы эле машинеге отурган айдоочулар окуудан өтпөстөн рулга отурат.

4. Соттор коррупциялык чечимдери үчүн жеке жоопкерчилик алышы керек.

5. Аткаминерлердин жоопкерчилик маселесин чечүү зарыл.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты