Фракция мэрдин ишине канааттанбаганын билдирди 

Фракция мэрдин ишине канааттанбаганын билдирди 

Кечээ, 25-апрелде, Бишкек шаардык кеңешинин “Республика-Ата журт” фракциясы шаардын мэри Албек Ибраимовдун иши канааттандырбаганын билдирген. Эми фракция мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин шаардык кеңештин жалпы жыйынына алып чыгууну көздөйт.

Шаардык депутаттар  арасындагы “Республика-Ата журт” фракциясы  борбордо жолдор талаптагыдай оңдолбой, жер сатуу токтобогонунан улам мэрдин ишине канааттанбай турганын билдиришти.

Ал эми мэр Албек Ибраимов шаардык кеңештин фракциясына шаар башчысынын отчетун угуу менен мыйзам бузууга жол берилип жатканын айтты.

А. Ибраимов ошондой эле шаардын күнү майрамдалгандан кийин кызматтан кетет экен деген сөздөр боюнча мэрликтен кетүүгө арыз жазбаганын жана программасын аткаруу үчүн иштей берүүнү көздөгөнүн маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты