Мык менен сүрөт тарткан Азамат Жаналиев түнү менен аянтта Туу көтөрүп турду!  

Мык менен сүрөт тарткан Азамат Жаналиев түнү менен аянтта Туу көтөрүп турду!   

24-апрелдеги Бишкектеги катуу шамалдан кийин аянттагы флагштоктон  түшүп калган Тууну жаштар этияттап кармаса,  мык менен сүрөт тарткан белгилүү сүрөтчү Азамат Жаналиев үйүнөн туу алып келип, аянтта Туу көтөрүп түнү менен турган.

Азамат Жаналиев  мамлекетте Туу аза күтүү учурунда гана ылдый түшүрүлөөрүн эстеп,  капа болгонун билдирди:

“Ата-бабам мамлекеттик Туу улуттук аза күндөрү гана ылдый түшүрүлөт дешчү эле. Мен туунун флагштоктон түшүп калганын көрүп жаман болдум”, —  деп билдирген.

Азамат Жаналиевдин аты-жөнү сизге тааныш болуп жатабы? Ал—мык менен сүрөт тарткан айтылуу сүрөтчү эмеспи! Анын Чыңгыз Айтматовдун жана башка белгилүү адамдардын портретин жараткан эмгектерин, албетте, көргөнсүз!

Фейсбук социалдык баракчасында Илиязбек Балташев аттуу жаран туу көтөрүп турган адамды түнкү саат 03:30дар чамасында көргөнүн айтат.

“Тууну көтөрүп турган адамды түнкү 03:30дар чамасында ошол көчөдөн мобилдик батальондун экипажы менен бара жатып көрүп калдым. Чынын айтсам, интернетке киргенге убакыт жок, кечээ кечке жуук аянттагы тууну шамал учуруп кеткенин деле уккан  эмес экенмин. Мен тууну кармап турган адамдын жанына басып барганымда анын көздөрүнөн ушунчалык сыймыктанууну, Ата журтту, эли-жери, мамлекети үчүн жанын аябай турган азаматтын көз карашын байкадым” деп жазган.

Туу көтөрүп турган жигит ага  түнкү саат 12ден бери турганын, өзүн тааныштырып,  мык менен сүрөт тарткан Азамат Жаналиев болом деп айткан. Азаматка жарандар ысык чай, жылуу кийим алып келишкен. Таңга жуук жанына он чакты адам кошо турган.

Азамат Жаналиевдин кадамына президент Сооронбай Жээнбеков дагы баасын берип, «Мындай мамиле жакшы ойго, жакшы ишке шыктандырат, ушундай жаштарыбыз бар үчүн эч нерсеге карабай иштегиң келет», — деген жылуу сөздөрүн айтканын өлкө башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты