ӨКМ: Кечээ күнкү катуу шамалдан кийин

ӨКМ: Кечээ күнкү катуу шамалдан кийин

Кечээ, 24-апрелде, саат 19:30дан 22:00гө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 17-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Мындан сырткары Чүй районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.  Талас облусунун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен.

Бишкек шаарынын  Жал кичи районунда мамлекеттик №S73-89AN “Ниссан-Сирена” үлгүсүндөгү жеңил унаанын үстүнө турак үйдүн чатыры түшкөн, айдоочу жабыркаган эмес;

— “Жаш Гвардия” бульвары менен Фрунзе көчөлөр кесилишинде бак кулаган.

Бишкектин Свердлов районунун Таллин чолок көчөсүндөгү №31-А турак үйүнүн 28м2 темир чатырын шамал учурган;

— “Аламүдүн-1” кичи районунда “Жасмин” кафесинин жанында бак кулап, эркек кишинин колун басып калган. Жабырлануучу медициналык тез жардам кызматынын унаасында ооруканага жеткирилген.

— Биринчи Май районунун Панфилов Бөкөнбаев, Тыныстанов-Пушкин, Москва-Коенкөзов жана Махатма Ганди-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бактар кулаган.

Райондук Жарандык коргоо комиссиялары жеринде тактоо иштерин жүргүзүштү. Чыгыш жана Батыш РЭТ мекемесинин авариялык бригадасы электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш алып барышты. Ал эми “Бишкек жашылдандыруу” тарабынан кулаган бактарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Райондук комиссия тактоо ишин жүзгүзүшөт.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Романовка айылынын Гагарин көчөсүндөгү 12-турак үйүнүн бастырмасынын 15мчатырын шамал учурган.

Москва районунун  Александровка айылында Фрунзе жана Калимова көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафенин 100мчатырын шамал учурган.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылында 20 га жакын жаңы конушу, Ысык-Көл көчөсүндөгү 14-турак үйдүн 33 даана шиферин жана Ленинское айылынын Алматы көчөсүндөгү 384-турак үйүнүн чатырын шамал учурган. Жарандык коргоо  комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшөт.

Таластын  Кум-Арык айылында 1 турак үйдүн чатырын шамал учурган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты