Дастан Бекешовдун мыйзам долбоорун Өкмөт колдогон жок

Дастан Бекешовдун мыйзам долбоорун Өкмөт колдогон жокЖогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов коомчулукта терс пикирлерди жараткан Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алды.

Дастан  Бекешовдун бул мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын сын-пикирине кабылган. Депутат өзү демилгелеген  мыйзам долбоору ЖМК тарабынан туура эмес талданып, ал сөз эркиндигин, социалдык тармактардагы жана жалпы эле интернеттеги сынга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган долбоору катары кабылданып калганын белгилейт.

Мыйзам долбоорунун экинчи бөлүгүндөгү моралдык зыян үчүн айып пулдун өлчөмү анча деле мааниге ээ эмес экенин, аны алып салууга даяр болгонун айтат. “Ал эми эң негизгиси моралдык зыян кандай келтирилсе, так ошондой жол менен аны төгүнгө чыгаруу маанилүү болчу” дейт парламентарий.

Д. Бекешов ЖМК жана өкмөттүк эмес уюмдардын сын-пикирине карабастан, мыйзам долбоорун андан ары жактоону уланта бермектигин, бирок Өкмөт мыйзам долбооруна терс пикирин билдиргендиктен, долбоорду кайтарып алгандыгын айтты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты