Беш жүзгө жакын адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттин жарлыгы менен 492 адам, анын ичинен 110у балдар Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды. Маалыматка ылайык, алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгынын негизинде 141 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты