«Берекет» базарында чыккан өрт боюнча эки адам камакка алынды

"Берекет" базарында чыккан өрт боюнча эки адам камакка алындыОш базарында 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

«Берекет» базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») жана 238-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарында үчүнчү ирет чоң өрт чыкты. 5-мартта «Сейтек» базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты