Жусуп  Абдрахманов тууралуу фильм тартылат

Жусуп  Абдрахманов тууралуу фильм тартылат

 «Аскар Салымбековдун фонду» коомдук фонду кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильм тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялады 

Залкар коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, инновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо максаты коюлуп жатат. Фильмде Жусуп Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, адамдык сапаттары ар тараптуу талдоого алынат.  Ошондой эле анын улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекетке ак кызмат кылуунун таалим-тарбиялык өрнөктөрүн ачып көрсөтүүгɵ багытталат.

Жусуп Абдрахманов жөнүндө киносценарийде эмнелер камтылышы керектиги Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынган жана кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор режиссердук сценарийди, даректүү фильмге кетүүчү чыгымдарды; фильмди тартуунун мөөнөттүк иш- планын 2018-жылдын 1-июлуна чейин Аскар Салымбеков фондусуна тапшырып, белгиленген күнү өз идея-сунуштарын коргоого милдеттүү. Конкурстун жеңүүчүсү аталган даректүү фильмди тартуу укугун алат.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты