Жогорку Кеңеш Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка  дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка  дайындоого макулдук бердиЖогорку Кеӊеште Президент тарабынан башкы прокурорлукка дайындоого сунушталган  Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлиги каралды. Талапкерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 21 жылдык юридикалык иш тажрыйбасы бар. Кийинки мезгилде Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган. Баяндамачынын айтымында, талапкер бкга чейинки прокурордук кызмат ордунда кынтыксыз иштеп келген.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Башкы прокуратуранын негизги милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салды.  Кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалып калса, кылмыш иштерин көз жаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди. Ал чукул арада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүү менен, негизги иш багыттарын аныктап, алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Жамшитов Өткүрбек Асылбековичти башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берилди.

Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты