Руслан Искенов, СССР спорт чебери: “Темир Сариевдин кичинесинде эле лидерлик сапаты бар болчу”

Руслан Искенов, СССР спорт чебери: “Темир Сариевдин кичинесинде эле лидерлик сапаты бар болчу”Темир Сариевдин лидерлик сапаты мектепте окуп жүргөндө эле бар болчу. Уруша кеткен балдарды элдештирип, ынтымакка чакырар эле. Ал гана эмес, окуудан жана спорттук мелдештерде алдына эч кимди чыгарчу эмес. Тартиби жагынан да башкаларга үлгү болчу.
Мурдагы Н. Крупская атындагы спорт жатак мектебинде он жыл билим алган Темир Сариев жөнүндө — СССРдин спорт чебери, СССР жана КРнын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, «Даӊк» жана КРнын Улуттук олимпиада комитетинин орденинин ээси, биология илимдеринин кандидаты сыяктуу бир катар жогорку наамдарга ээ болгон 77 жаштагы Руслан Искенов айтып бермекчи.

Мен 1976-жылдан баштап Н. Крупская атындагы спорт жатак мектебинде тренер болуп иштей баштадым. Ошол мезгилде Темир Сариев, Мелис Турганбаев, Турусбек Коеналиев, Эсентур Азимов сыяктуу балдарды мага өткөрүп беришти. Алар  7-класстан 10-классты аяктаганча мени менен болушту.
Ал убакта бизде мындай чоӊ зал жок эле, кичинекей залда машыкчубуз. Килем да эски болчу. Айылдан келген балдардын баары жакшы машыкчу.  Темир Сариев келгенде эле аракет кылып, айтканды дароо кулакка илип алып түшүнбөй калса кайра сурар эле. Анан балдарды «Сеники болбой калды, меники болду» деп тамашалап коер. Ошол убакытта анын бою кичине, салмагы да кичине  болсо да балдар Темир Сариевди угушчу. Анын ошондо эле лидерлик сапаты бар болчу.
Окуп жүргөндө көп мелдештерге катышты. Шаардын, республиканын биринчилигине жана эл аралык турнирлерде дайыма 1-2-3-орунду эч кимге берчү эмес. Анан бир жолу залга кирсем «Боксердук грушаны» ыргытып эле, муштагылап атыптыр. Эмне болду десем. «Үчүнчү болуп калдым”, — дейт. “Мындай болгонуңдун себеби эмнеде, өзүң туура эмес иштеп койдуңбу, катаң бар беле?” деп сурасам, “Түшүнбөй калдым, кандай түшкөнүмдү”, — дейт. Анан мен көрсөтүп бердим бир жерден туура эмес отуруп койдуң ошон үчүн алып кетти деп. Атаандашыңдын сага окшогон эле эки колу, эки буту бар деп туура жол көрсөтсөм, баарын кунт коюп угуп, кийин ал катасын такыр кайталачу эмес. Зээндүү, айткан сөздү туура түшүнө турган жигит.
Кээде балдар өз ара чатакташып кеткенде баарын элдештирчү. “Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” дегендей, Темир деле шоктончу, бирок чектен чыкчу эмес. Ошол убакытта биз музейге, киного барчубуз. Бир жолу зоопаркка алып барсак, бирөөнү тамашалап жатпайбы. “Ой, бул сага окшош экен” деп аюну көрсөтүп. Анан аны туурап кыйкырып балдарды коркуткан. Ошондо баарыбызды күлдүргөнү дале эсимде. Ушундай бала кезинде тамашакөй өнөрү да бар эле.Руслан Искенов, СССР спорт чебери: “Темир Сариевдин кичинесинде эле лидерлик сапаты бар болчу”
Биз ал убакта тартипти катуу коер элек. Жакшы оку, спорттон ийгиликке жетиш, тартиптүү бол деп. Андан башка бул мектептин талабы жок эле. Эгерде сабакты жакшы окубаса мектептен айдап жиберчүбүз, спорттон жетишпесе, тартиби начар болсо да кетирилчү. Ошондуктан балдар баарын аткарышчу. Ал эми Темир Сариев мындай талаптарга келгенде өжөрлүгүнөн алдына эч кимди салдырчу эмес. Окууну бүтүп кеткенден кийин дагы бизден кабар алып келип жүрдү, агай кандайсыз, бизге окшоп окуган балдар тартиптүүбү деп сурап.  Азыр деле бул жерден бүтүп кеткен балдар менен чогуу жыл сайын 27-майда келишет. Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, агайлары-эжейлери менен жолугушуп, абалыбызды угуп кетишет.

 2008-жылдан баштап кыздарды кабыл алып машыктырып калдым. Баарын чогултуп алып бул мектептен мындай балдар бүтүп кеткен, элдин баласы Темир Сариев аяктаган деп айтып турам. “Билеги жоон бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп айтылат, бирок спорт да керек, ошентсе дагы жакшы окусаңар Темир Сариевдей болуп элге кызмат кыласыңар деп Темирди үлгү катары айтып турам. Элдин кыздары, элдин уулдары болгула деп баарын чогултуп алып айтып турабыз.
Темир Сариев менен сыймыктанабыз. Анткени ушул мектептен биздин колубузда тарбияланган Темир эл башкарып жатса, эл турмушун кыйынчылык убакытта көтөрүп жатса, ойлоп калам,  мээнетим текке кетпептир, бекер иштебептирмин, ушунча жыл жөн эле иштебептирмин деп сүйүнүп калам.
Мына мен азыр 77ге келдим. Азыр да иштеп атам. Бул жаштар менен иштешип кеткенден кийин мен өзүмдү жаштай эле сезип калам. Аларга ыкмаларды көрсөтүп, туура түшүндүрүп берем. Эгер жаштар өздөрүнүн кемчилигин түшүнсө аткарып кетет. Балбандар арасында “эгер башың жакшы чечим кабыл алса, кол-бут өзү эле кетет”, — деген сөз бар. Ошон үчүн туура кабыл алып, туура чечим чыгарсаңар өзүңөр эле иштеп кетесиңер деп баарынан талап кылабыз.
Темир адамгерчиликтүү, анан жөнөкөй адам. Жогорку кызматтарда иштеп, элге кызмат кылды. Ошону да көтөрөт экен. Министр да болду, Премьер-министр да болду. Татыктуу жигит. Иштегенди билет, экономикалык базасы, практикасы бар. Бардык тепкичти басып келе жатат. Баарын туура түшүнөт, эмне жасаш керектигин, ишти кандай алып кетишти, элдин талабын кандай аткарыш керектигин билет. Анткени сүйлөгөн сөзүнөн, кылган иштерин анализдеп салыштырып көрсөм, оозунан чыккан сөздөрүнүн баарын аткарат экен. Жогорку кызматтарда турганда жакшы иштеп берди. Азыр деле эл менен сүйлөшүп калганда жакшы жигит эле деп туура түшүнүшөт.

Умида Бекпулатова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты