Анттын тузу менен жүгү оор 

Анттын тузу менен жүгү оор Жогорку Кеӊеште Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берди. Алардын ант берүү аземине  Президент Сооронбай  Жээнбеков катышты.

Анттын тузу менен жүгү оор экенин белгилеген Президент өкмөт мүчөлөрүн  антка бекем туруп, калктын жашоо турмушун жакшыртууда талыкпай аракеттенүүгө чакырды.

«Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында силерден мурун да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Бирок анттын ыйыктыгын, маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун түшүнбөгөндөрдүн, антка бекем турбагандардын тагдыры эмне болгонун көрдүңөр. Ошондуктан, берген антыңарга бекем болгула!»деди президент.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган Өкмөттүн курамы 2018-жылдын 20-апрелинде отставкага кеткен.

Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте КР Президентинин катышуусунда ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты