Күч түзүмдөрү сындан жыйынтык чыгара алышабы?

Күч түзүмдөрү сындан жыйынтык чыгара алышабы?

Кечээ, 24-апрелде өткөргөн кеңешмеде премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев коомдогу күч структураларына айтылган сындардан жыйынтык чыгарууну талап кылды.  

«Коомдо укук коргоо органдарына олуттуу сын-пикир, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Буга катар күч блогунун кадрдык дараметин жогорулатуу үстүндө иш алып баруу зарыл. Укук коргоо органдарына кесипкөй жана таза адистер тартылышы керек» деди ал.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов  өлкөдөгү коомдук-саясий жана  укук тартибин бузуу абалы, Тогуз-Тородогу алтын өндүрүү фабрикасынын өрттөлүшү, Бишкек жана Жалал-Абаддагы ири базарлардагы өрт фактысы боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Премьер-министр аталган иштердин бардык жагдайын дагы бир ирет тыкыр иликтеп чыгып, өлкөнүн ири рынокторундагы коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды.

Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоору алкагында фото жана видео-байкоо жүргүзүү теникасын баскыч-баскычы менен орнотуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

«Аталган долбоордун ишке ашырылышы бирдиктүү стандарт боюнча, ачык-айкын, чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылып, катардагы жарандарга түшүнүктүү болушу шарт» деди  Премьер-министр.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты