Салттуу музыка жумалыгы

Салттуу музыка жумалыгы

Бүгүн Салттуу музыка жумалыгы жыйынтыкталып,  гала-концерт өтөт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салттуу музыка жумалыгынын жабылыш аземине арналган оозеки салттагы профессионалдык  музыкалык искусство чеберлеринин жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн  Гала-концерти болот.

Анда сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн көрсөтүшүп, сыйлыктарга ээ болушат.

Уюштуруучулар: КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети.

Эскерте кетсек, Бишкекте ушул жылдын 20-25-апрелде ар жылкы  Салттуу музыка жумалыгы өтүп жатат.

Салттуу музыка жумалыгы үч этапка бөлүнгөн. Айтуучулук, аспаптык жана вокалдык-аспаптык искусство өнөрү, “Дастан күнү”, “Күү күнү”, “Ыр күнү”.

Конкурс “Санат” телевидениесинин студиясында өтүүдө.

Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкалык аспапты алгачкы ойлоп табуучу Коркут тууралуу “Коркут” спектакль-драмасы болот. Ал эми кечээ жана бүгүн, 24-апрелде, Улуттук илимдер академиясында “Глобалдаштыруу доорунда салттуу музыка искусствосунун ролу” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган.

Жыйынтыктоочу концерт бүгүн, 25-апрелде, саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.  Кирүү акысыз.

Бул туралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты