Кыргызстанда сот органдары баарынан коррупциялашкан

Кыргызстанда сот органдары баарынан коррупциялашканПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту.

Жогорку сот төрайымы менен жолугушууда мамлекет башчы сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын- алуу боюнча маселелерге көңүл бурду. Жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.

«Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты