Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка талапкерди жактырды

Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка талапкерди жактырдыЖогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы Президент тарабынан Башкы прокурорлукка сунушталган Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлигин жактырды.

Аны депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында карала турганын, ошондон улам талапкер менен кеӊири ой-пикир алышуу максатында, көпчүлүк коалициясынын бул жыйыны шашылыш чакырылганын белгиледи.

Талапкердин көӊүлүн экономикалык кылмыштардын өсүп баратканына бурган депутат Рыскелди Момбеков «өз ара соодалашуу» жолу менен токтоп калган кылмыш иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

«Талас аркылуу ун, күйүүчү май, жер семирткич сындуу контрабандалык товарлар агылып кирүүдө, бирок тийиштүү чаралар көрүлбөйт, кылмыш иши козголбойт» деди ал.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мамлекеттик органдар менен прокуратура органдарында ири өлчөмдөгү пара менен кармалган кызматкерлер арбып баратканын, аларды мурдагы өкмөт башчысы менен башкы прокурордун командасындагы адамдардан арылтуу зарылдыгын белгиледи.

Талапкер башкы прокурорлукка дайындалып калса, коррупцияга каршы күрөштү дароо баштап, 10-15 күн аралыгында Коопсуздук кеӊешинин талаптарын аткаруу боюнча координациялык жыйын өткөрүп, күрөштүн негизги багыттарын аныктай бурганын, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Белгилей кетсек, үч жылдан ашык иштеген мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты