Мектеп формасын окуучулардын 57 %  киет

Мектеп формасын окуучулардын 57 %  киет

Мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы окшош болуп, кыздар такасы 3 см. бийик бут кийим кийбеши керек. Мектепте колдонулуучу уюлдук телефондор байланышуу максатында гана колдонууга ылайыктуу болуп, интернети бар смартфондорду пайдаланууга болбойт.

Антпесе бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – ылдый абалдын түзүлүшүнө түртөт. Мындай жагдайларды санап берген депутат Махабат Мавлянова 23-апрелде Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында өзү демилгелеген “КР жалпы билим берүү уюмдарында инсандын адеп –ахлагын жана интеллектуалдык өнүгүүсүн сактоо, окуудагы жетишүүсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү” КР Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун баяндап, анын максатын түшүндүрдү. Ушул эле жыйында айтылгандай, билим берүү мекемелеринде бирдиктүү мектеп формасын

Талкуу жүрүшүндө токтом долбоорунда камтылган маселелер Билим берүү жана илим министрлигинин ички буйругу менен жөнгө салына турган маселе экендигин белгилеген Өкмөт өкүлү бул жааттагы сунуштарды дыкат иштеп чыгууга кошумча убакыт берүүнү суранды. Аталган токтом долбоору бир ай аралыгында дагы такталып, иштелип чыга турган болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты