ӨКМ: Шашылыш билдирүү!

ӨКМ: Шашылыш билдирүү!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,  2018-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн

Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-апрелде күндүз жаан-чачын жаашы тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоо этектеринде 8…13° жылуу, 26-апрелде Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты