Кыргызстан, Сербия жана Чили жарандары үчүн өз ара катташууда виза ачуу талаптары жоюлмакчы

Кыргызстан, Сербия жана Чили жарандары үчүн өз ара катташууда виза ачуу талаптары жоюлмакчыЖогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сербия Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили Өкмөтү менен да түзүлүүдө.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты