Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы: “Кыргызстандагы саясий чыңалууну жана тирешүүнү жөнгө салуу керек”

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы: “Кыргызстандагы саясий чыңалууну жана тирешүүнү жөнгө салуу керек”Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев азыр эмне менен алек болгону, учурдагы саясий кырдаал тууралуу ой бөлүштү.

—Бакыт мырза, азыркы учурда кандай иштер менен алек болуп жатасыз?

—Акыйкатчылык кызматтан кеткенден кийин деле коомчулукка пайдалуу иш жасоо менен алекмин. Белгилүү журналист, публицист Арслан Койчиев менен биргелешип, Сингапурдун президенти Ли Куань Юнун “Үчүнчү өлкөдөн биринчи өлкөгө карай жол” аттуу китебин кыргызчага которуп жатабыз. Дээрлик бүтүп калдык. Бул майда тамга менен жазылган абдан көлөмдүү китеп. Дүйнөдө үй куруу, машина оңдоо, кийим тигүү сыяктуу, деги койчу, бардык нерсени кантип жасоону үйрөтө турган китептер бар, бирок кантип мамлекетти куруу, кантип экономиканыжана элдин жашоосун көтөрүї тууралуу китептер жокко эсе. Ли Куань Юнун китеби мамлекетти кантип түптөп, анын экономикасын кантип көтөрүп, кантип жаратылыш байлыгы жок, чакан, бизден да жарды өлкөнү өнүккөн өлкөгө айландыруу тууралуу жазылган мыкты чыгарма.

Орус тилинен которуп жатасыздарбы?

-Англис тилинен.

Англис тилин ошончолук жакшы билесизби?

-Жакшы эле билем. Алгач университеттен, ар кандай курстардан, андан соң президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окудум. Ал мезгилде аталган окуу жай жаңыдан гана ачылып, анын ректору Аскар Акаевдин жакын адамдарынын бири Мисир Ашыркулов болчу. Алгач аталган окуу жайда окуу үчүн мыкты шарттар түзүлүп, талап абдан күчтүү эле. Дээрлик лекция, семинарлардын  бир тобу котормосуз, англис тилинде өткөрүлчү.  Америкада бир жылга жакын окуп жүрдүм.Аталган китептин орусча котормосунда түп нускасына салыштырганда анча-мынча айырмачылыктар орун алып калган. А биз биринчи булактан, түп нускадан которуп жатабыз. Албетте, орусчасын да салыштыруу үчүн колдонуудабыз.

—Каражатты кайдан алып жатасыздар? 

—Ли Куань Юнун тарапташтарынын, анын эмгектерин жайылтуу боюнча фонду бар, ошол фонд аркылуу көмөк көрсөтүлүүдө. Эң кызыгы — китепте Кыргызстандагы азыркы абалдагыдай учур, андан кантип чыгуунун жолдору ачык  сүрөттөлгөн. Эмнеге өлкө өнүкпөй жатат, эмне үчүн коррупция менен күрөшүү натыйжа бербей, тескерисинче, гүлдөп-өнүгүїдө, аны менен кантип күрөшүү керек, канткенде өлкөнүн коргонуу, энергетикалык, маалымат коопсуздугун ийгиликтүї камсыздоого болот, эмнеге саламаттык сактоо, билим берүү ж.б. социалдык тармактарыбыз өнүкпөй жатат, аны кантип реформалоо керек, канткенде экономиканы көтөрсө болот жана башка биз издеген маселелерге жооп табууга болот. Менимче, бул окурмандарга абдан кызыктуу болот. Бул китеп жакын арада окурмандардын колуна тийип калат буюрса.

Алмазбек Атамбаев дааталган китептен мисал келтирип, жакын адамдарды, министрлерди коррупцияга аралашса, аларды камап, сот жоопкерчилигине тартабыз деп айтып келет. Бул жагынан окшоштуктар барбы?

—Ли Куань Юнун жүргүзгөн саясаты тїп тамырынан бери айырмаланат. Ал өзүнүн өлкөсүндө коррупция менен башкача, тагыраак айтканда, системалуу жана пландуу түрдө күрөшкөн. Коррупцияны иликтөө боюнча Трансперенси Интернешнл дүйнөлүк уюмунун 1998-жылдагы иликтөөсү боюнча Сингапур дүйнөдөгү эң коррупциялашпаган өлкөлөрдүн катарына кирген. Чын-чынына келгенде Сингапурда Ли Куань Юга чейин аталган өлкөдө мамлекеттик коррупциянын деңгээли абдан жогору болгон. Бул жаатта Сингапурдун тажрыйбасын үйрөнүп, турмушка колдонсо болот.  Маселен, Ли Куань Ю коррупция менен чындап күрөш жүргүзүп, аны жеңген. Алгач дароо эле өлкөдөгү системалуу коррупция  менен күрөшүп, ага чекит койгон. Тагыраак айтканда миллиондогон долларлар тегеренген, эң жогорку бийлик өкүлдөрү катышкан коррупцияны токтотууга эрки жеткен. Тилекке каршы, бизде Акаевдин мезгилинде түптөлгөн мамлекеттик деңгээлдеги системалык коррупциялык көрүнүштөр жоюлбай эле кайра күчөп кетпедиби. Маселен, Кыргызстандагы Кумтөр, Жерүй, Иштамберди жана башка кен байлыктарындагы коррупциялар, ошондой эле энергетика, бажы тармагындагы коррупция жоюлган жок да. Тескерисинче, соңку алты жылда өлкөдө коррупциянын жаңы тїрлөрү пайда болду. Маселен, кадрдык коррупция. Парламентке келген партия жетекчилери ар бир алты айда өкмөттү алмаштырышып, жогорку кызмат орундарын ачык эле соодалашып, көчө шыпыргычтын орунуна чейин ачык эле сатып жатышат. Мындан сырткары парламенттеги партиялар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзам долбоорлорун кабыл алышууда. Бул элге каршы жасалган чыккынчылык.

—Мындай көрүнүштү токтотууга болобу?

Чындыктын башаты — практикада. Тилекке каршы, мындай көрүнүш 2010-жылы кабыл алынып, өткөн жылы бийлик тарабынан оңдолгон Баш мыйзамдын негизинде ишке ашырылып жаткандыгына соңку жети жылдан бери  коомчулук ачык күбө болууда. Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча соңку жети жыл бою Кыргызстанды үч топ: бийлик, анын кошоматчылары, криминалдык топтун өкүлдөрү жана бир ууч байлар каалагандай башкарып, өлкөнүн байлыгын каалагандай тоноп, уурдап жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, карапайым эл, билимдүүлөр, жаштар, профессионалдар, патриоттор өзүнчө бөлүнүп четте калып калышты. Албетте, мындай көрүнүштү кан буугандай токтотууга болот. Аны баса белгилеп коёюн, Баш мыйзамды өзгөртпөй туруп токтотууга болот. Антпесек, өлкөбүздү жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Тилекке каршы, бийлик башындагылар андай кадамдарга барууга кызыкдар эмес.

—Өлкөдөгү саясий абалга да көз салып жатсаңыз керек. Текебаевдин, Садыр Жапаровдун ж.б. камалышы боюнча пикириңиз кандай?

—Чындыгында соңку мезгилге салыштырып айтканда, өлкөнүн саясий кан басымы күчөп кетти. Бул айрыкча кийинки 3-4 айда Кыргызстанга белгилүү саясатчылардын камалышы менен байланыштуу болду. Алардын дагы аздыр-көптүр коомчулукта өздөрүнүн тарапкерлери, пикирлештери, колдоочулары, тууган-уруктары бар. Алардын баары нааразы, протесттик электоратка айланып калышты.
Экинчи жагынан Кыргызстандагы саясий кан басымдын жогорулоосу 2010-жылы бийликке келген топтун өзүнүн элге берген убадасын аткарбагандыгынан улам  болуп жатат. 2010-жылы эстеп көрсөңөр, 100гө жакын адам каза болду. Бир ууч чиновник Кыргызстанды өзгөртөбүз, жаңы доор курабыз деп, элге убада беришти. Эл алардын айтканына унчукпай макул болушту. Алгач алар убактылуу өкмөт түзөбүз дешти, ага эл дароо макул болду. Убактылуу өкмөттү он төрт адамдан түзөбүз дешти, ага да макул болдук. Андан соң убактылуу президент шайлайбыз дешти, ага да эл макул болду. Андан соң мына ошол бир ууч чиновник өлкөнүн Баш мыйзамын толук өзгөртөбүз дешти. Анысына да макул болду шордуу кыргыз эли. Натыйжада алар бир кабинетке кирип алышып, Баш мыйзамды каалагандай жазышты. Аларга эч ким тоскоолдук кылган жок.
Чын-чынына келгенде, дүйнөлүк тажрыйбадан алганда, мындай көрүнүш элдин ошол мезгилдеги бийликке болгон абдан чоң ишеними болчу. Мындай ишеним кылымда бир жолу берилет.  Тагыраак айтканда, Баш мыйзамды каалагандай өзгөрт, каалагандай башкар, болгону элдин жашоосун оңдо деген ишеним. Элден мындай ишенимге ээ болгон өлкөлөрдө сөзсүз түрдө өнүгүү болгон. Тилекке каршы, Кыргызстанда эч кандай жылыш болгон жок. Элдин ишеними уурдалды. Экономиканы ойлогон эч ким жок. Бир дагы жумушчу орун түзүлгөн жок. Тышкы карыз беш миллиард доллардан ашты. Жумушсуздук күчөдү. Элибиз жумуштун жоктугунан башка өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. Мына ушундай көрүнүштүн баары өлкөдөгү саясий абалды курчутуп жатат.

—Бийлик анда кандай иш-аракет кылыш керек?

—Ал үчүн бийлик биринчи кезекте өлкөдөгү саясий кан басымды мындан ары жогорулоосуна өбөлгө болбошу керек. Экинчиден, тез аранын ичинде кан басымды төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүсү зарыл. Ал үчүн соңку мезгилдеги камалган саясатчылардын күнөөсүн эл алдында ачык далилдеп бериш керек. Сот жараянын ачык өткөрүшү зарыл. Антпесе, элде түмөн түркүн түкшүмөлдөр жаралат да чыңалуу азайбайт. Эгерде кырдаал президенттик шайлоонун алдында курчуп кетсе, абал абдан оор болуп калат. Индонезиянын белгилүү бир генералы минтип айткан: “Эгерде нааразылык акциясына миң адам чыкса, бийлик аларды күч менен басат. Эгерде он миң адам чыкса бийлик алардын аракетин көзөмөлдөөгө аракет жасоо менен гана алектенип калат.  Эгерде элдин саны он, жыйырма миңден ашып кетсе, милиция эл тарапка өтүп кетет” деген. Анын сыңарындай, бийлик мына ушундай көрүнүштөн этият болушу зарыл. Кандай болсо да ага жол бербөөгө милдеттүү.

Маектешкен Айгүл Бакеева 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты