ОБСЕ парламенттик ассамблеясы Армениядагы абалга байкоо салат

ОБСЕ парламенттик ассамблеясы Армениядагы абалга байкоо салатNovostiNK агенттиги Арменияда премьер-министр Серж Саргсян отставкага кеткенден кийин ОБСЕ парламенттик ассамблеясы өлкөдөгү абалга байкоо салып турганын жазып чыкты.

“ОБСЕнин парламенттик ассамблеясы абалды карап Арменияны демократиялык жолдо колдоп турууга даяр. Мен бейпилчиликти сактоого үндөйм, бардык тараптарды армяндардын кызыкчылыгы үчүн жооптуу аракеттерге барууга чакырам” деди Церетели.

Мурдараак элдин массалык толкундоолорунан кийин өлкөнүн премьер-министри Серж Саргсян отставкага кеткен.

“Никол Пашинян (оппозициялык депутат, митинг лидери) туура айтты. Мен жаңылып калдым. Азыркы абалдан бир нече жол менен чыгууга болот эле, бирок алардын бирөөнү да ишке ашырбайм. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем. Эшиктеги элдин агымы мени кызматтан кетсин деп жатат. Мен элдин талабын аткарам. Өлкөгө тынчтык, шайкештик каалап, акыл калчап иш кылууга чакырам” деди С. Саргсян.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты