“Кыргызтелекомдо” мамлекеттик кадр кызматында коррупциялык кандай тобокелчилик бар?

“Кыргызтелекомдо” мамлекеттик кадр кызматында коррупциялык кандай тобокелчилик бар?Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик тобу башкармалыктын төрагасы Марат Каратаев баш болгон “Кыргызтелеком” ААКынын жетекчилиги менен тыгыз аракеттенип, телекоммуникациялык чөйрөдө коррупциялык схемалардын себепкери болуп келген коррупциялык тобокелчиликтерди аныктаган болчу (М. Каратаев мурда КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылык кызматында иштеген). “Кыргызтелекомдо” коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу боюнча долбоор иштеп чыгуу жана кароого киргизүү тапшырылган.

Жумушчу топ  ишке оң баа беришип, кошумча жана толуктоолорду эске алуу менен планды жактырышты.

Мындан тышкары,  Мамлекеттик кадр кызматындагы коррупциялашкан зоналар жана тобокелчилик тизмеги каралды. Тактап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердигин талдоого алып, коррупциялык схемаларды аныктаган.

Ведомствонун системасында 8 коррупциялашкан зона жана 13 коррупциялык тобокелчиликтер аныкталган. Көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик буйрутмага, бош орундарга конкурс өткөрүүгө, мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердигин көзмөлдөөгө, кызматкерлердин айлык акысына ж.б. байланыштуу.

Коррупцияны жоюу үчүн бир катар процесстерди автоматташтыруу зарылдыгы белгиленди. Мисалы, кадрлар боюнча бардык буйруктарды электрондук форматка өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардагы кадрдык документ жүгүртүүнү автоматташтыруу зарыл. Мамлекеттик органдардын маалыматтар базасын МКК системасы менен байланыштыруу жана күчүнө кирген сот чечимдери, терс негиздерде кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар боюнча “кара тизмени” автоматтык түрдө түзүү керек. Мындан тышкары, “өлүү жандарга” айлык чегерүү практикасын жоюу үчүн эмгек акыларды финансылоо бөлүгүндө МКК менен КР Финансы министрлигинин ортосундагы маалымат алмашууну автоматташтыруу сунуш кылынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты