Башкы прокурорлукка  Өткүрбек  Жамшитов бекитилди

Башкы прокурорлукка  Өткүрбек  Жамшитов бекитилди

Президент Сооронбай Жээнбеков Баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду сунуштап, талапкер Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети карап, аны жактырды.

Баш прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин талкуулоодо Жогорку Кеңеш депутаты Кенжебек Бокоев жогорку инстанциядагы соттор тарабынан жылына 300дөй киши акталып кетип жатканын, бул үчүн бир дагы сот же тергөөчү жаза тартпаганын айтты.

Комитет мүчөлөрү талкуудан кийин президент тарабынан сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды.

Өткүрбек Жамшитов 1975-жылдын 4-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин  юриспруденция адистигин аяктаган.

1997-жылы Талас облустук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы болуп иштеген.

1999-2008-жылдары Таласта, Бакай-Ата районунда, Ош облусунун Алай районунда, облустук прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.

Андан кийин Кадамжай районунда прокурордун орун басары, Лейлек районунун прокурору, 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору кызматын аркалаган.

Мурдагы Баш прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде отставкага кеткени маалым.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты