Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковду эскерүү күнү

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковду эскерүү күнү“Жылаңаяк чиновник”

24-апрель — белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, элчи, “Данакер” орденинин ээси, Япониянын чет элдик жарандар үчүн берилүүчү жогорку сыйлыгы—“Улуу лентадагы Күн Чыгыш орденинин” ээси Ишенбай Абдуразаков 2014-жылы 23нөн 24-апрелге караган түнү 77 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Агайды эскерүү күнү Ишенбай агайдын досу, Казакстан Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Вячеслав Гиззатовдун эскерүүсүн сунуш кылабыз.

…Ишенбай Абдуразаковдун ар нерсени билгиси келгени кээде айрым окуяларга да туш кылдырчу. Ал ирандык шеиттердин диний башчысы, ислам революциясынын жетекчиси улуу аятоллы Хомейнинин мекенине, Кум шаарына баргысы келип туруп алды. Дем алыш күнү бармак болдук, (Иранда дем алыш күн-жума), ал күнү ыйык жерге барчу эл жыкжыйма, имамдын карындашы, шеиттердин 12 имамынын бири-Резанын табытын көрүүгө кызыккандар көп. Эл көп экенине карабай, Ишенбай да ал мечитти көргүсү келди. Мечитке кирээрде баары бут кийимин чечип коюшат, биз да бут кийимибизди чечип, мечиттин ичине киргенбиз.
Чыксак эле Ишенбайдын бут кийими жок. Бизден айырмаланып, анын бут кийими жаңы болсо керек. Ал күнүдемалышболгондуктандүкөндунбаарыжабык, башка бут кийим сатып берели десек, эч жерден таппайбыз. Ошентип, ал Тегеранга носкичен келди. Андан кийин биз аны «жылаңаяк чиновник» деп, көпкө айтып күлүп жүрдүк.

Жазып алган Айгүл Бакеева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты