Сагындык Келдибаев, депутаттыкка талапкер: «Орусиянын жарандыгын тапшырганымды элчиликтен тактап алса болот»

Сагындык Келдибаев, депутаттыкка талапкер: "Орусиянын жарандыгын тапшырганымды элчиликтен тактап алса болот"«Республика-Ата-Журт» фракциясынан вице-премьер-министр болуп кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна депутат болуп келе турган талапкер Сагындык Келдибаевдин мандат маселесин БШК бүгүн карайт. Ал ортодо Келдибаевди Орусиянын жараны деген маалыматтар социалдык тармактарда тарап жатат. Биз Сагындык Келдибаев менен байланышып, бул тууралуу сурап көрдүк.

«Орусиянын жараны деген калп маалыматтарды таратып жатышат. Мен кимдер таратып жатканын билем. Бул Ыргал Кадыралиева жана анын агасы Канжар Кадыралиевдин жасап жатканы. Аларга мен айттым, эгер ошончолук эле кызыкдар болсоңор Орусиянын биздеги элчилигине барып, расмий түрдө кайрылсаңар так жообун берет деп. Ага болбой эле эски справкаларды алып чыгып жазып жатышат. Өзүлөрү мыйзам бузуп көнүп калган адамдар башкаларды дагы ошентип ойлойт окшойт. Мен ачык-айкын эле айтам, менде Орусиянын жарандыгы жок, мен Кыргызстандын эле жаранымын. 2014-жылы Орусиянын жарандыгын тапшырып салып, анан депутаттыкка талапкер катары каттоодон өткөнмүн. Биздин мыйзамдар боюнча башка өлкөнүн жарандыгын кайсы бир кезде алган болсо, аны тапшырып, анан Кыргызстандын атуулу катары депутаттыкка аттансаң болот. Президенттикке талапкер болсоң анда акыркы канча бир жыл Кыргызстанда жашашың керек деген чектөө бар. Депутаттыкка андай чектөө жок» деди Сагындык Келдибаев.

Эске сала кетсек,  Сагындык Келдибаевдин бир тууганы Сактан Келдибаев карактоого кабылганын айтып, бул боюнча  мурдагы депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголгон болчу.

 Сагындык Келдибаев, депутаттыкка талапкер: "Орусиянын жарандыгын тапшырганымды элчиликтен тактап алса болот"Сагындык Келдибаев, депутаттыкка талапкер: "Орусиянын жарандыгын тапшырганымды элчиликтен тактап алса болот"

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты