Таабалды Тиллаев комитет төрагалыгынан кетээрин билдирди

Таабалды Тиллаев комитет төрагалыгынан кетээрин билдирди

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынында билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. «Жакында «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшыруу чечимине келдим» деди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты