Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды көзөмөлдөй албай жатат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды көзөмөлдөй албай жатат

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги  коррупцияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгы менен таанышып, бир катар кемчиликтер кетирилип жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 24-июнунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы Коргоо кеӊешинин жумушчу тобу тарабынан бекитилген.

2018-жылдын 11-январында планды ишке ашыруу боюнча мониторинг өткөрүлгөн. Мониторинг өткөрүү тобуна Башкы прокуратуранын,  Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү жана Коргоо кеӊешинин жумушчу тобунун эксперттери кирген.

Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында пландын 99 пунктунун 70(71%) аткарылган,  12 (12%) пункту аткаруу стадиясында турат, 17 (17%) пункту аткарылган эмес.

Бир катар иш-чаралар аткарылганына карабастан, коррупцияга каршы  түйүндүү иш-чаралар ишке ашкан эмес.  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги коррупцияга каршы иш-чараларды так координациялай албай, аткарбагандарды жоопко тартуучаралары каралган эмес.

Мониторинг өткөрүүчү топтун мүчөлөрү министрликтин коррупцияга каршы иш-планына  жооптуулар жумушсуздар менен иштөөдө паракорчулук тобокелдиктерин жоюуга каршылык көрсөткөн жагдайлар болгондугун белгилешти.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакуновага коррупциялык тобокелди жоюуда планды аткарбагандыгы үчүн кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону сунуштады жана тартип жоопкерчилигине тартууну сунуш кылды.

Башкы прокуратурага Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде иштегендердин айрым кызматкерлерге коррупцияга каршы пландын аткарылбаган бөлүктөрү боюнча белгиленген тартипте прокурордук  жооп актыны Өкмөткө жөнөтүү сунушталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты