Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжардын Кыргызстанга келиши

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжардын Кыргызстанга келиши

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк окумуштуу-биохимик, АКШнын Түндүк Каролина университетинин Медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен 21-апрель, ишемби күнү жолугушту.

Мамлекет башчы эл аралык деңгээлдеги окумуштуунун Кыргызстанга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана “Манас” кыргыз-түрк университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу үчүн келгенине абдан кубанычта экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңиз жана студенттер менен жолугушууларыңыз биздин жаштардын илимге умтулуусуна жана жаңы ийгиликтерге жетишүүсүнө түрткү берет. Сиздин жалпы түрк тилдүү элдеринин өкүлү катары өзүнүздү көрсөткөнүңүз түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө зор салым кошот. Талыкпаган эмгектин аркасы менен сиз Нобель сыйлыгына татыган дүйнөгө таанымал окумуштуу болдуңуз. Биз  сизди түрк тилдүү дүйнөнүн гана эмес, бүт адамзаттын эң татыктуу өкүлү деп эсептейбиз, биз сиз менен сыймыктанабыз» деп белгиледи Президент.

Азиз Санжар Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү тарабынан экинчи Мекени катары кабыл алынаарын белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал мамлекет өнүгүшү үчүн кен байлыктарды иштетүүгө гана эмес, адамдык ресурстарга да басым жасашы керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты