Сапарың узун, бай болсун, тууган!

№… палата

Сапарың узун, бай болсун, тууган!Москва-Тоголок Молдо көчөсүндөгү республикалык оорукана. 9-январь, 2006-жыл. …дежур врачка кайра чуркап бардым. Ал бирөө менен шыңкылдап күлүп, коробкада шоколад жеп олтуруптур. “Эже, дагы бир жолу текшерип коесузбу, сураныч. Такыр башкача болуп турат…” Ал барып дагы бир ирет текшерди да “Жүрсөңүз” деди. Кабинетине кайра кирдик. “Кечирип коюңуз, бирок сиз эми улуу адамсыз да, баарын түшүнөсүз… акыркы сааттары ушундай болот. Эми эжелериңизди көп чуру-чуу кылбаңыз. Башка оорулуулар да бар…” деп салды да, эми чыгып турсаңыз дегенсип мени күтүп калды. Ушуну угуп, эми бу дүйнөдө кылаар башка бир да жумушум калбагансып, селдейип залга чыккам…
Ошондон үч жумадан кийин справка алыш үчүн кайра ошол врачтын кабинетине бардым. Ал кагазды колума алып чыгып кетип баратып кайра тык токтоп калдым… №… палата! Бир баш бага кетсемби деген ой келди. Эмнеге ал ой келди десең? Кийин өкүнүп калбадымбы, эмнеге ал ойду ойлодум депчи. Жакшы эле кыйылгам… бирок барбадымбы. Мага ушунчалык тааныш болуп калган №… палата. Канча үмүттөрдү жыйнап, таап, ташып кирип, бирок улам өчкөндөрүн жүрөккө жүктөп чыгып отурган ошол палата! Эшигинин алдына бардым, колумду акырын сунуп туткасын кармадым… Акырын ачтым… Ачып эле… ошол керебет! Ошол керебет көрүндү. Бир эже жатыптыр. Мени карады. Мен аны карадым. Бирдеме деп оозуму таптап барып кайра эшикти шарт жаптым да эшикке жөнөдүм. Ал: “Бирөөнү издеп жүрөт” деди го. А мен издеп бүтпөдүм беле. Экинчи кайрылгыс кылып учурбадым беле, ошол керебеттен!

Кечикпе
Көлдөгү Тургаазы аяш атамын үйүндө олтурдум. Ал киши орусча сөздөрдү көп колдонуп сүйлөйт.“Мен көп адамдардан кечиктим, бул китепти мындан эч болбосо 10 жыл мурда башташым керек эле…” десем, “Карабайсыңбы, бул тагдыр да, сен баатыр  мынча келбесең мына… биз дагы могли бы исчезнуть…” деди, аяш энемди жаңсап. Анан али 70ке чыга электей шар мүнөз, чапчаң кыймылы менен эт туурап жеп атып: “Мен эмдиги жылы 80ге чыгам! Юбилей!” деди, таанышкандан ажал сууруп кеткенче кучакташкан дос болдук деп сүйлөп берип олтурган бул адам. Эгерде 80ди буйруганда дал ушундай адам болмок экен да деп мен маңдайымдан атамды көрүп олтурдум…

Кашкатай аке
Өмүрдө чоң, кичине сапарлар болот. Бирде алыскы өлкөгө чыгасың, бирде Ак-Талаага, а бирде бу турган “Алыштын башына” деп жолго чыгасың. Анын ар бири маанилүү. Анын ар бири сенин өмүр сапарың. Кыска, узун, самолет минген, “волга” минген, ат минген… Анан калса ар бир сапарыңдын узун-кыска тагдыры болот. Ар бир сапарда сен жол менен бетме-бет каласың арбашып, демек, өзүң менен өзүң каласың. Учу кыйыры жок ойго түртөт сапарлар. Өзүңдү-өзүңө таанытат сапарлар. Сынайт сени. Ойлорго бай болот сапарлар. Сапардан байып келесиң.
Бир жылы “Өйдөкү Бычанда” жайлап аткан Кашкатай акеникине барып калдым. Жолду жакшы билбей кой кыркым пунктунун ордунан тоону беттеп улуу капталды кадуулап кете бердим. Бул жол менен биринчи жолу бастырышым экен. Ошондо чөпкө атым толук көмүлүп, узун чөптөн ийним эле чыгып бараттым. Ошондо жалгыз баратып да толкунданып сүйлөнүп жибердим! Табиятты, тоолорду, туулган жерди алкадым! Ушундай жерди көрбөй, ушундай жерде бастырбай бу бүтпөгөн тириликтин кайсы бүктөмүндө адашып жүрөбүз дедим. Туулган жердин бул касиетин дагы терең көргөнгө, кайра аларга тырнактай эмгек өтөгөнгө өмүр чиркин жетсе экен дедим. Күн да, улуу кырлар, тоо чымчыктар баары мени “келипсиң!” деп коштогондой, “бул керемет сеники, сенин жериң” дегендей, кыйылып таарынгандай, “баркта, баала, унутпа!” деп терең-терең сезиминде карт тарыхтан сабак билдиргендей жыбылжып сезилет эй!
Дагы бир топ кадуулаган соң чоң кырга чыктым. Тигине! Чатырлар көрүндү. Күн тоолорго кыңайып калган кез. Бул жагы өзүнчө керемет. Кең Бычан келберсип, тээ төрдөгү чокулар Бакайдай салабаттуу чалкалайт. Барсам жаңылбапмын, Кашкатай акенин айылы экен. Өзү алдыман утурлап чыкты. Чатырда отурдук. Шашпай конок бол деди эле мен кеч калып баратканымды, эртең шаарга чыгаарымды, шашып атканымды  айтып, мынча келген соң кызык нерселерден кеп кылып бериңиз, гезитке чыгарайын дедим. Жанымда адаттагыдай “балка-чотум” даяр. Фотоаппарат, диктофон, калем, дептер дегендей. Аларсыз өзүмдү калканы жок жоокердей сезем. Алар жанымда болсо көңүлүм да жай. Жолдогу чабандарга деп отуруп куржунумда адеми коньяктан бирөө калган. Ошону шарт алып чыгып ооз тийиңиз дедим. Кашкатай аке келчи алчы деп кымыз сунуп, каймакты алдыма улам жылдырат. Мен улам чөйчөктү толтурам. “Ээ, балам, жакшы атанын баласысың” деп кеп баштайт. Анан атам жөнүндө узак аңгемеге кирет. “Мектептеги кезибизде атаң менен Өзгөндүн “Туюгунда” бирге туруп калдык. Өзүнө өтө тың, а тургай шылуундугу бар окуучу эле. Ар дайым оюн ойноордо бизди баштап, сен тигинт бул антсин деп ар кандай нерселерди ойлоп тапчу. Бир жакка бара турган болсок “азыр мобуну токтотобуз” деп жолдо келаткан грузовой машиналарды тосчу, токтогон соң бортуна ыргып түшчүбүз. Жетчү жерибизге жакындап калган кезде Кадырбек “даярдангыла, азыр секирип түшүп качабыз” дечү. Өйдөлүштөн жайлап калганда жүрүп бараткан машиненин үстүнөн батырап секирип түшүп каччубуз”. Муну айтып берип күлсө мен кошо каткырам. Угуп алып жыргайм. Атамдын бала кезин минтип сүрөттөп берген адамды мен дээрлик жолуктурган эмесмин. Калпагын улам оңдоп сүйлөп берип отурган Кашкатай акени карап, ал мага бул кең “Бычандын” ичинде катылып калган казынадай сезилди. Казына эмей эмне, эгер ат чарчатып, жамбаш талытып бул жакка бурулбаганымда мен атамдын мындай элесин билбей, укпай калат элем. Бул кепти мага ким айтып берет эле? Өзүмө, бу жакка келгениме ыраазы болуп кетем да ансайын маңдайымдагы чокчо сакалдуу бу киши көзүмө жакын, ынак сезилет. Адамдар, адам менен адам дейм. Эмне сепсең ошону аласың демекчи, адамдарга жакын болсоң, алар сага ошончо жакын болот.
“Эмне деген мыкты жигит эле, Кадырбек! Аны сыйлабаган адам жок эле! Бир жаралган бөтөнчө жан эле. Бир жылы малчылардын жыйынына жоон топ чабан болуп Баетовго бардык. Ыдырыс да бар. Кадырбек бизге жолугуп “Баратканда “Жеңишке” үйгө түшөсүңөр, тамак ичип алып анан кеткиле” деди. Ошентип “Жеңиштеги” үйдө эт жеп отурабыз. Бир кезде Кадырбек арак алып келип элдин баарына кыдырата куйду да мага эле вино куюп койду. Мен кысына түшүп эле “Ие, Кадырбек, мага деле арагыңан куйсаң, мен деле арак эле ичет элем” дедим. Десем, Кадырбек: — А, жок, сиз ошону иче бериңиз, — деп койду. Кызыктай боло түштүм. Анан сөз сүйлөнүп эл тостту көтөргөндө мен да жалпыдан калбайын деп алдымдагы винону тартып жибердим. Ичсем эле жок, ал вино эмес эле жакшынакай арак экен. Көрсө, болгону ичи кызыл ыстакан тура. Көпчүлүктө мага ошондой ыстыканга куюлуп калыптыр. Мага ошол үчүн винодой көрүнүптүр да. Кадырбек да айда тамашакөй эле, мени көрүп биротоло тамашалайын деген экен. Мына анан отургандардын баары кыраан каткы күлкүгө алышты. “Вином” менен кошо мен да кызарып чыктым. Ошентип айда жакшы отуруп тамак ичип алып анан бизди айыл сыртына чейин узатып койгон эле”.
Аңгыча күн кечтеп кирди. Малдын башы короону көздөй бурулуп, эчки улактар короо четине келип калыптыр. Кашкатай акенин дагы көп аңгемесин уккум келди, бирок жолго чыкпасам болгудай эмес. Эртең шаарга кетиш керек. “Козу жеп, конок болот элең” деп эки-үч ирет айтты. Шартымы айтсам “Эми таарынбай кет, күн кеч болду, айылга жетпейсиң го, кайра эле Төрөбайга бар болбосо” деди. Ошо менен кыштакты көздөй жүрүп кеттим. Күндүн кечи мени көп түйшөлткөн жок, болгону минген атым бир аз начар эле, эртеден бери жол жүрүп баспай калчудай түрү бар… Бирок эң башкысы көңүл ток, атам тууралуу аңгемелер эмгиче мээмде ойноп, бир жагынан улуу тоонун таасири… жолду улап кете бердим. Белди жарымдаганда атым айткандай эле баспай калды. Кең өрөөнгө эбак коюу түн кирип, ара чоло үлп этип тийген жел болбосо айлана мемирейт. Тээ өөндөн гана шар суунун үзүл-кесил үнү угулат. Кайдандыр булак кулдурайт. Бактыма сүттөй ак ай жаркырайт. Улам токтоп атты откозом. Кургур ат күрт-күрт этип жанталашып чөп кертет. Көрпөчөнү алып көчүк басам. Отура албай кайра турам. Эмне жүрөксүп атасыңбы деп коем. Атадан алтоо болсоң да бир жалгыздык башта бар. Дайыма эле күтүрөп жүрмөй жок. Дайыма эле досторуң, жакындарың болбойт жаныңда. Адам дайым өзүнө өзү бетме-бет чыгышы керек. Өзүңү ошентип тааныйсың. Тоскоолду ошентип жеңесиң. Табият менен, Кудай менен бетме-бет туруп кеп куруш керек. Сага жакын арбактар менен кепке чык. Ошентип өзүңдү оңойсуң. Түзөйсүң. Улам сынып, түзөлөсүң. Акыры максаттар алдында бар же жок болосуң. Бирок мелжеген жолдо оң-солуңа такала бербе. Ыйык туткан Кудайыңды ар кайсыдан издебе. Кудай башка жайда эмес ал ар кимдин көкүрөгүндө. Ишеним ал жүрөктө, көкүрөктө жашайт. Жашаганда да ушунчалык аялуу болуп, үлбүрөп назик болуп, аскадай зор болуп жашайт. Менин кудайым – менин абийирим. Жаманга, жакшыга да жол баштаткан ошол абийирим.

Таңкы төрттөрдө кыштакка кирдим. Апам байкушум эшикти ачты. “Атым баспай” десем, “ай, балам ай” деп жалынып, суу ысытып бир паста желим таштекке жарымынан суу куюп, сал бутуңду деп жылуу отургузуп, чай кайнатып кирген эле…

Жеңишбек Эдигеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты