“Окуган бала—гүлдөгөн Кыргызстан” жумалыгы башталды

“Окуган бала—гүлдөгөн Кыргызстан” жумалыгы башталдыБүгүн, 21-апрелде, «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан» аттуу жумалыгы башталды.  Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземинде  уюштуруучулар  сөз  сүйлөшүп, кызыктуу жана пайдалуу иш чаралар менен коштолот.

Саат  11:00дө “Ала-Тоо” аянтынын жанындагы Курманжан Датканын эстелигинин  аянтчасында өтүүчү иш-чаралар:

— «АКШда билим алуу»: ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу  жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери:

— Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын  китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

— «Айтматовду окуйбуз» аянтчасы: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча  конкурстар жана викториналар;

— Фольклордук жана эстрадалык музыка концерти, балдар бий топторунун катышуусу менен;

— Балдар үчүн цирк оюндары;

— Куурчак спектакли;

— «Келгиле, окуйбуз!» аянтчасы: балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

— «Кызыктуу устакана»: кагаз жана асфальт бетине тартылган балдар сүрөттөрүнүн конкурсу, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

— «Чыгармачылык лабораториясы»: конструктор чогултуу боюнча мелдештер, робототехника боюнча мастер-класс;

— «Шаңдуу старт»: спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойноло турган оюндар;

— «Усталар шаары»: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

— Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлык тапшыруу;

Уюштуруучулар: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КР Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ, «Ага-Хан» фонду, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты