“Саманчынын жолу” балети коюлат

“Саманчынын жолу” балети коюлат

Бүгүн, 21-апрелде, саат 17:00 дө Кыргыз опера жана балет театрында “Саманчынын жолу” балет-ораториясы коюлат.

“Саманчынын жолу” — нагыз улуттук эпопея, кыргыз искусствосунун улуу ишмерлери Чыңгыз Айтматов менен композитор Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу.

1975-жылы коюлган бул спектакль кыргыз музыка искусствосунда биринчи жолу СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган, ал эми 1976-жылы ал СССРдин жана чет өлкөлөр сахнасында коюлган.

Кыргыздын карапайым каарманы Толгонайдын Улуу Ата Мекендик согушта күйөөсүнөн  жана үч уулунан айрылган драмалык тагдырын Кыргыз Эл артисти Уран Сарбагышев сахналаштырган.

Согуш Толгонайдын эң жакын адамдарынын өмүрүн кыйды.  Жакшы көргөн келини Алимандын да өмүрүн алды. Бирок Толгонай сынып калган жок, сүйүү толгон жүрөгү муздабады, анткени жанында турмуш көчүн улай турган Алимандын уулу бар.
Мында башкы партияларды кыргыздын мыкты бийчилери: Асель Айдарова (Толгонай), Акмөөр Сатиева (Алиман), эл аралык конкурстардын лауреаты, КР Эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков, Атабек Садыркулов, Жакшылык Төлөбаев, Александр Брюханов, Тилек Кийизбаев, Ыйманберди Мукул ойнойт. Дирижеру- КР эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты