Макмалга фабрика курууга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Макмалга фабрика курууга уруксат бергендерге кылмыш иши козголдуТогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына «Жи Эл Макмал девелопинг» ЖЧКсына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат берүүдө мыйзам ченемдерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анын билдирүүсүндө айтылгандай, уруксат кагазды Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 2017-жылы берген. Бул башкармалыкка өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү экологиялык экспертизанын корутундусу жок эле макулдук берип салган.

Бул жагдай Коррупцияга каршы күрөш кызматы жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында белгилүү болгон.

Факты боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 221-беренесинин 1-бөлүгү (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты