Өкмөт курамына кандай сын айтылды?

Өкмөт курамына кандай сын айтылды?

Бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында бир гана маселени талкуулап, Өкмөт башчыны жана Өкмөт курамын карады.  Өкмөт башчы—Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги жактырылды. Мурунку өкмөт мүчөлөрүнүн 50 пайызы кайра келатат. Суроолорго жооп берип жатып, талапкер “териштирейин, айта албайм” дей берди. 

Депутат Рыскелди Момбеков министрликке жетекчи кызматка алып келүүдө аймактык теңсалмак сакталбай, Талас өрөөнүнүн өкүлдөрү Өкмөт курамына кирбей калганын белгиледи. Жаңы өкмөттө кылмыш иши козголгон адамдар да бар экенин айтты.  Саламаттык сактоо министрине сунуш кылынып жаткан талапкер да купулуна толбогонун айтты.

Р. Момбеков Сапар Исаков парламентти “саясий өлүк” деп  туура айтты деди. Ошол эле программа, ошол эле сөздөр, добуш берүүчү органга айланып калдык деген пикирин билдирди.

Депутат Жанар Акаев жаңы премьерди баары—Президент, Жогорку Кеңеш колдоп турганын, ошол себептүү тарыхый мүмкүнчүлүк берилип жатканын белгилеп, тышкы карыздын уурдалбай иштетилишин. Президент Жээнбековдун колуна кол, бутуна бут болууну, ошондой эле Көчмөндөр оюнун өткөрүү  тууралуу маселени жакшылап талдап карашын сунуш кылды. Ж. Акаев накта парламенттик өлкө бололу, антпесе ЖКнын бул курамы менен  алыска бара албайт деди.

Исхак Масалиев “биз Өкмөттү келгенде көрөбүз, кеткенде  көрөбүз” ошондуктан суроо-жооп зарыл экенин айтты.

Депутат Кенжебек Бокоев премьерге аны сындагандарга жакын болууну сунуштады.

Депутат Кожобек Рысбаев парламенттин саясаты ушундай экен, биз колдоп берет экенбиз. кайра тез эле ишеним көрсөтпөй коет экенбиз деп таң калды.  Телефонду угуп жатышат деп эле баары коркуп калганын белгиледи.

Депутат Алтынбек Жунус уулу Макмал алтын кени боюнча эмге маалымат берилиш керектигин белгиледи.

Депутат Акылбек Жапаров бул Өкмөт бир команда менен келип жатканын, Ош жана Жалал-Абад базарындагы өрт. Макмал кениндеги башаламандык, мунун баары иликтениши керектигин билдирди. УКМК саясатчы бизнесмендердин артынан түшүп албай, өлкөнүн коопсуздугуна көңүл бурууну билдирди.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев биз парламент мурунку Өкмөткө ишеним көрсөткөн жокпуз, эмнеге 50%   кайра келди деген суроо салды. Абылгазиев Премьер кетсе да, дурус иштеди деген министрлер ордунда калганын айтты. Спикерден коалициядан талапкерлерди карады деген протоколду сурады. Ошондой эде Куралдуу Күчтөргө сырттан канча каражат келгенине кызыкты. Жообунда так маалымат жок экенин айтты.

Депутат Аида Касымалиева бизнес омбудсмен дегенде, кайра эле структураны ойлоп таба беребизби деди.

Өкмөт башчыга талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасын сунуш кылган эде. Ал дебаттарга аралашпастан, аткаруу функциясы менен гана алектенээрин айтты. Тар кызыкчылыктарга жол берилбейт деп, билек түрүп иштөөгө убада берген.

Сунуш кылынган талапкерлерди талкуулоодо депутат Евгения Строкова Өкмөт башчы бул курамды өзү түзбөгөнүнө өкүнүчүн билдирди.

Депутат Абдывахаб Нурбаев Өкмөттү кыскартыш керек экенин айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты