Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)

  • 3 года мурун

Кыргыз улуттук тарых музейинде саймачылардын республикалык “Сайма чемпионаты-2021” сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чараны “Кийиз дүйнө” коомдук фонду Маданят министрлигинин жана тарых музейинин колдоосу менен өткөрдү.

«Иш-чара бүгүнкү күндөгү этно маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгында I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова аттуу катышуучулар ээледи.

Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.

Андан сырткары тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.

Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)
Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)
Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)
Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)
Бишкекте саймачылар арасында республикалык таймаш өттү (сүрөт)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты