Парламентти “саясий өлүккө” айланды деген Сапар Исаковду  Каныбек Иманалиев жазасыз калбашы керек деди

Парламентти “саясий өлүккө” айланды деген Сапар Исаковду  Каныбек Иманалиев жазасыз калбашы керек деди

Мурунку Өкмөт башчы Сапар Исаков кеткенден кийин “Апрель” телеканалына парламент тууралуу кандай ойдо экенин айтып кетти. “Парламент саясий өлүккө айланып баратат. Ал жакта 120 өлүк олтурат” леп айткан С. Исаков кечээ, 19-апрелде.

Депутат Каныбек Иманалиев төраганы буга саясий баа берүүсүн өтүңдү.

“ Регламентке ылайык, парламенттин беделин коргоого төрага милдеттүү. Сиздин оюңузча, Жогорку Кеңеште чын эле 120 өлүк отурабы? Парламенттин намысын кантип коргойсуз? Сотко бересизби, саясий эркиңиз жетип, кечирим суратасызбы же билдирүү жасайсызбы? Саясий позицияңызды аныктап коюңуз” деди Каныбек Иманалиев.

Спикер Дастанбек Жумабеков Сапар Исаковдун айтканы боюнча мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты